Биз социалдык тармакта

ЖАМКтын төрагасы Германиянын Кыргыздагы элчиси менен кызматташууну бекемдөөнү сүйлөшүштү

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен менен жолугушту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө төрага жазык тутуму чөйрөсүндө мындан аркы кызматташтык маселелерин, өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, пенитенциардык тутумунда болуп жаткан реформалар жөнүндө сөз кылды.

"Элчи айым ЖАМКнын жетекчилигине кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташа берерин билдирди.

Жыйынтыгында, тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган жигердүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан