Биз социалдык тармакта

Бишкекте ашканадан тамактанган 22 адам ууланып, учурда эки бейтап ооруканада

Бишкектеги №1 ашканасында 22 адам ууланды. Маалыматты Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан тастыктады.

Белгилүү болгондой, окуя 25-26-майда катталган. Анда 9 адам уулануунун белгилери менен Токмок шаарындагы ооруканага кайрылышкан. Ал эми 13 адам Чүй облустук биргелешкен ооруканасына медициналык жардам үчүн барган. Бүгүнкү күнгө карата ооруканада 2 бейтап дарылануусун улантууда, калгандары чыгарылган.

"Алдын ала бейтаптардын бардыгы бризоль тамагына ууланган деп жатабыз. Азыркы тапта лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыга элек. Бул окуя териштирилүүдө. №1 ашканасына 15 миң өлчөмүндө айып салынып, окуянын себептери аныкталганга чейин жабылды", - дешти аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-06-02 15:28:33
Жаап жакшы кылыптыр. Неге, кантип кечээки калган тамакты бүгүнкүгө кошуп сатышат, коркпостон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан