Депутат Дастан Бекешев депутат Гүлшат Асылбаеваны "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунан баш тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Октябрь окуясы өттү, жаңы Конституция кабыл алынды. Бул мыйзам долбоору мурунку бийликтики эле. Активисттерге каршы уюштурулган. Ушул мыйзам долбоорунан баш тартууңузду сунуштайм", - деди Бекешев.
Гүлшат Асылбаева Бекешевди бул мыйзам долбоорун саясатташтырбоого чакырды.