Ушул жылдын январь айынан май айына чейин 19 миң 498 нике катталды. Алардын 20 пайызынан ашыгы Ош облусуна туура келет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Өлкөнүн региондорунда нике актыларын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй болгон:
- Бишкек шаары - 3 608;
- Чүй облусу - 2 688;
- Нарын облусу - 781;
- Жалал-Абад облусу - 3 705;
- Ош шаары - 954;
- Ош облусу - 4 092;
- Баткен облусу - 1 529;
- Ысык-Көл облусу - 1 403;
- Талас облусу - 738.

Ал эми өлкөнүн аймактарында эң көп эки ажырым жолго түшкөндөр Бишкекте катталган.
- Бишкек шаары - 897;
- Чүй облусу - 798:
- Нарын облусу - 214;
- Жалал-Абад облусу - 702;
- Ош шаары - 207;
- Ош облусу - 707;
- Баткен облусу - 317;
- Ысык-Көл облусу - 373;
- Талас облусу - 174.