Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө арналган мелдеште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин курама командасы 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеште спортчулар футбол, сууда сүзүү жана күч көнүгүүлөрүнүн комплекси сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча биринчи орундарды алышкан.
"Теңир-Тоо" продюсердик борбору укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештерди уюштурду. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду УКМКнын курама командасы ээледи.
Кызматкерлер физикалык даярдыгын жана командалык күчүн көрсөтүштү", - деп жазылат маалыматта.