Биз социалдык тармакта

Коронавирустан эмделгени тууралуу сертификаттын болушу өлкөнүн аймагына кирүү үчүн милдеттүү талап катары саналбайт

Кыргыз Республикасына COVID-19га карата ПЦР-анализи терс деп табылган туристтер келе алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Республикалык ыкчам штаб белгилегендей, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө.

Учурдагы алгоритмдерге ылайык, чет элдик жарандардын жана туристтердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө коронавирус инфекциясына карай тестирлөөнүн терс жыйынтыгы (72 саатка жарактуу) болгон учурда уруксат берилет.

Республикалык штаб белгилегендей, коронавирустан вакцинациялангандыгы тууралуу сертификаттын болушу республиканын аймагына кирүү үчүн милдеттүү талап катары саналбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан