Депутат Дастан Бекешев Жогорку Соттун судьялыгына шайланган Замирбек Базарбаев Садыр Жапаровдун жактоочусу болгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Садыр Жапаровдун жактоочусу болгонуна карабай, президенттин тапшырмаларын аткарбай, акыйкаттуу чечим чыгаруу керек. Жактоочулук жумушту унутуу шарт. Эч кимди укпоо керек. Президенттин администрациясынын сөзүн уксаңар аягы жаман болот", - дейт ал.
Базарбаев мыйзамдын негизинде иштей турганын айтты.