Көк-Жар жаңы конушунда чогулган маршруттук таксилердин айдоочулары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Айдоочулар өз кайрылуусунда өлкө башчысын жол кире акысын көтөрүп берүүнү өтүндү. Алардын айтымында, эл маршруткаларда 15 сомдон төлөп жүргөнгө даяр.
Буга чейин жол кире акысы сентябрь айында чечилери айтылган. Буга башкы себеп катары шаардык кеңештин депутаттары таркап кеткенин жана жаңы чакырылыштын депутаттары шайланып келгенден кийин бул маселе карала турганы белгилүү болду.
Ошол эле учурда айдоочулар сентябрь айына чейин күтө албай турганын айтып, жол акысы көтөрүлмөйүнчө ишке чыкпай турганын айтышты.