Кыргыз тилдүү ММКлардын арасынан суурулуп чыгып, өзүнүн тарыхын алтын тамгалар менен жаза алган “Супер-Инфо” гезити 19 жашка чыкты! Азыр 19 гана жаштасың. Сен аша турган бел, багындыра турган Эверест, жарата турган ийгилик алдыда! 19 гана жаштасың, бирок кылган ишиң опол тоодой чоң, жоопкерчилигиң ат көтөргүс. Сен эч ким тааныбаган таланттарды жылдыз кылдың, элдин сүйүктүү гезити болдуң, кеңеш бердиң. Буга чейин эч ким жасай элек жаңычылдыкты коркпой, тайманбай, кыйынчылыктарды тээп өтүп жасадың! Мамлекет бере турган (бирок бере албаган) наамдарды берип, өнөр ээлерине дем болдуң. Адилеттикти таппай кыйналгандарга чырак болдуң. Гезитке акыйкат издеп келип, таап батасын берип ыйлап кеткендер, ыраазылыгын айтып бүтүрө албагандар болду. Ар бир инсандын үнүн уга турган, аны жогору жакка жеткирген көпүрө боло алдың...
Мына ушундай сиз сүйгөн “Супер-Инфо” гезити 19 жашка толду! Фотосессияга мышык кармап келген Кайрат Примбердиев, Ысык-Көлгө чейин барган Айдана Дека... “Супер-Инфонун” башкы бетине чыгыш үчүн атактуулар кандай кадамдарга барышкан?
Кызыктуу макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №965 санынан окуй аласыз.