Кыргызстандын вице-премьери Токон Мамытов ноябрь айында Өзбекстандын вице-премьери менен жолугушат. Бул тууралуу Т.Мамытов 22-23-октябрда Жалал-Абад облусуна макулдашылган жана макулдашылбаган чек ара бөлүктөрүнүн маселелери боюнча барган сапарында аталган облустун жашоочуларына билдирди. Мамытовдун сөзүнө караганда жолугушуу жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы курч маселелер талкууланат. "Биз биздеги болгон курч маселелерди алып чыгабыз, бирок иш узакка созулуусу мүмкүн, айталы 1 жылдан ашык. Кандай болгон күндө да сүйлөшүүлөр, талкуулар жүрөт",-деп кошумчалайт вице-премьер.