Бүгүн, 2-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 272 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 2-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 272 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1 миң 147 метр куб, агып чыгышы 362 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 1-июнда суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 977 метр кубду түзгөн.