5-июнда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 08:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү аймактарда таза суу убактылуу берилбейт:
- Ауэзов - Шабдан Баатыр көчөлөрү (Чүй кең көчөсү) - темир жол линиясы - "Учкун" конушунун аягына чейин;
- Исакеев - Шабдан Баатыр - Ауэзов - Чокон Валиханов көчөлөрү;
- Лев Толстой көчөсү Ауэзов көчөсүнөн Аламүдүн дарыясына чейин;
- "Төкөлдөш" (7-Апрель көчөсү - темир жол линиясы - Менделеев көчөсү).
"Бишкек суу канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана суу камдап алууну өтүнөт.