Биз социалдык тармакта

Кичи автобустарсыз экинчи күн. Бишкекте жол тыгындары жаралууда (сүрөт)

Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары экинчи күн катары менен каттамга чыккан жок.
Учурда 1500 маршруттук таксинин ордуна такси кызматтары иштөөдө. Мындан улам борбор калаанын бардык бөлүгүндө жол тыгындары пайда болууда.

Ал эми айдоочулар SUPER.KG маалымат порталына жол акы көтөрүлмөйүнчө каттамга чыкпай турганын билдиришти.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилер жол акысын көтөрүү максатында каттамга чыккан эмес. Бүгүн дагы борбор калаадагы маршруттук таксилер каттамга чыгышкан жок.

Эл ташыган кичи автобустун айдоочулары буга чейин дагы иш ташташкан. Мунун себебин алар акыркы жылдагы кымбатчылык менен байланыштырып, күйүүчү майдан тартып азык-түлүккө чейин баалар кымбат болгондуктан, тапкан каражаттары жетишпей жаткандыгы менен түшүндүрүп келишет.

Айта кетсек, Бишкек шаарында маршруттук таксиде жүрүүнүн жол акысы 10 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mirkaa5182
2021-06-03 10:34:28
Таксилердин иши жүрүшүптүр да.
+4
patriot.kg94
2021-06-03 11:29:51
Урматтуу таксисттер 20 сомдон маршрутка жургон линия мн ташысанар жакшыле болот элди кыйнабагыла сураныч, о.э машинасы бар жарандар жумушунарга баратып жон кетпей по пути ала кеткиле элдерди сураныч
+5
patriot.kg94
2021-06-03 11:32:30
Бир ынтымактуу болуп маршрутниктерге жалдыратпай койгулачы качанкыга чейин чыкпайт экен жумушка коройлу менин машинам болгондо 10 сомдон тынбай ташыйт элем бензинге чыкса болдуле
+7
modem4999
2021-06-03 12:24:55
Кечинде Аламедин базардан 4 киши ала кеттим, бир апа тушуп баратып канча берем дейт жон эле коюнуз десем анда токтоп тур деп туруп он муноттой батасын берди.
+9
Dembele84
2021-06-03 13:56:55
Дагы деле чече албай отурабы ушул нерсени?
+1
kanybek1986
2021-06-03 14:27:47
Автобустарды коюп коюш керек маршурткалар чыкпаса чыкпай калсын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан