Акыйкатчы президент, парламент жана өкмөттү Орусиядагы кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча чара көрүүгө чакырды

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев 23-октябрда президент, парламент жана өкмөттү Орусиядагы кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Укук коргоочунун айтымында, мигранттардын көйгөйү 10-октябрда Бирюлеводогу Орусия жаранынын өлүмүнөн кийин пайда болду деп айтуу туура эмес. "Массалык кармоолор кээ бир мыйзам бузган адамдарды аныктаганы менен, анын ичинде мыйзамды сактаган жарандардын укуктары тепселүүдө",- деди ал. Мындан сырткары себепсиз бир нече убакытта жарандардын эркиндигинен ажыратып кармоо укук нормаларынын бузулуп жатканын далилдерин кошумчалады. "Чет өлкөдөгү мекендештерибиздин айланасындагы болуп жаткан окуяларды көрүп, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин миграциялык процесстерди көзөмөлдөөчү мекемеси жарандардын укуктарын коргоо үчүн алдын ала эч кандай чара колдонбой жатат деп айтууга негиз бар. Аталган министрлик жана элчиликтин өкүлдөрү окуя болуп өткөндөн кийин ишке киришип жатат",- деди Бакыт Аманбаев. Акыйкатчы жарандарды этникалык түспөлүнө карап массалык кармоо ыкмалары туура эместигин жана бул боюнча орус бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тийиштүү аракеттер жасалышы керектигин белгилеп өттү.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан