Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда балбан Мээрим Жуманазарова финалга чыкты. Ал жарым финалда монголиялык Энхсайхан Дэлгэрмааны 5:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, Жуманазарова буга чейин Дэлгэрмаа менен эки жолу беттешип, экөөндө тең жеңишке жеткен. Ал 2022-жылы Азия чемпиондугунда, ал эми 2024-жылы Париж Олимпиадасында монголиялык балбанды уткан. Олимпиададагы беттеш 8:3 эсебинде аяктаган.