Бүгүн, 28-октябрда Индиянын чыгыш аймактарын Бенгал булуңунда пайда болгон "Арнаб" циклону каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка карганда, катуу шамал менен келген жамгырдан улам үч адам каза болуп 130 миңдей адам эвакуацияланды.
"Индиянын метеорологиялык кызматы эскертүү бергендиктен, бийлик органдары көптөгөн жоготуулардын алдын алышты. Мындан улам мектептер жабылып, 60тан ашуун поезд жана аба каттамдары токтотулду. Учурда синоптиктердин айтуусу боюнча, циклон барган сайын күчүн жоготуп, Непал жана Гималай тоолору тарапка жылып, ал жакта да сел жана көчкү жүрүү коркунучу бар экени эскертилди",- деп билдиришти басылмалар.