Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы Айдана Мусакулова аттуу кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал Сокулук районунда жайгашкан үйүнөн 31-май күнү чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, арык чырай, чачы кара, узун, көздөрү күрөң.
Кийген кийими: көк футболка, кара шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.