1-июндан баштап Андижан жана Ош шаарынын ортосундагы маршруттук каттам кайрадан жанданды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүнө таандык компаниялардын бири заманбап 12 кичи автобусту ишке киргизди. Эки шаардын ортосундагы каттам 2019-жылдын сентябрь айынын аягында башталган. Былтыр пандемияга байланыштуу токтотулган.
Андижандан Ошко чейинки аралык 45 чакырым.
Жүргүнчүлөр акыркы 72 сааттын ичинде ПЦР-анализин тапшырышы керек. Ошондой эле Өзбекстандын жарандары үчүн биометрикалык паспорт талап кылынат.