Биз социалдык тармакта

Милиция жардам сурайт. Нарында 74 жаштагы Букен Жумагулова дайынсыз болуп изделүүдө

Нарын шаарында 74 жаштагы Букен Жумагулова аттуу тургун дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын ШИИБине 29-май күнү жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Анда 1947-жылы туулган Букен Жумагулова аттуу тууганы Ленин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегендигин жазган.

Учурда бул факты электрондук каттоо журналына катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Букен Жумагулованын белгилери: Бою 150-155 сантиметр, чачы кыска, ак, кара тору, маңдайкы тиштери жок.

Кийген кийимдери: Башында өңү жашыл түстөгү жоолук, үстүндө агыш түстөгү жемпир, күрөң түстөгү көйнөк, бутунда өңү кара маасы, көлөч кийген.

Милиция сүрөттөгү жаранды көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге билдирип коюуну суранат: (03522) 5-18-04, 5-09-08, 0703 10-11-01.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bolotbek9191
2021-06-03 13:05:25
Кандай заман болуп баратат кудай сактасын жоголгон адам эле коп.эсен аман табылсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан