Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында уу коргошун тууралуу маселе көтөрүлдү.
Депутат Дастан Бекешев уу коргошун ооруканаларда колдонулуп жатабы деп сурады. "Дүйнө жүзүнө биз коронавируска каршы дары таптык деп жарыяладык. Уу коргошун дагы деле колдонулуп жатабы?", - деп сурады депутат.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик ооруканаларда колдонулбай калганын айтты. "Биз мамлекеттик ооруканаларда 400 адамга уу коргошун берип, анализдерди жөнөттүк", - деди ал.