Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө сентябрга чейин 1 миллион жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өтөрүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Министр билдиргендей, план боюнча өлкөдө 2 миллион 239 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү керек.
"2 миллион 239 миң адам эмдөөдөн өтө турган категорияга киргендердин 70 пайызын түзөт. Кытайдан, Орусиядан 190 миң доза вакцина келген. 75 миң Кыргыз жараны бир жолку эмдөөдөн өткөн. Жакынкы күндөрү алардын баары тең экинчисин алат", - деди ал.