1-июндан баштап соода жана көңүл ачуу борборлорунда балдар аянтчалары кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аянтчалардын ээлери социалдык аралыкты жана оюн аянтчаларынын иштөө эрежелерин сактоо менен объект толтуруу ченемдерин 50 пайыз гана кылышы абзел.
"Сураныч, санитардык-эпидемиологиялык шарттарды сактаңыздар жана өзүңүздөргө кам көрүңүздөр", - деп айтылат маалыматта.