Кыргыз өлкөсүнөн биринчи болуп Эверестти багындырган Эдуард Кубатов мекенине кайтып келе жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Кубатов өзүнүн сүрөтү тартылган баннердин сүрөтүн жүктөп астына билдирүү жазып калтырган.
"Мындай көңүл бурууну эч качан күткөн эмесмин. Менин кымбаттуу досторум, мен сиздердин ишенимиңиздерди актайм деп үмүттөнөм. 5-июнда саат 08:55те мекениме барам деп пландап жатам", - деп жазган Кубатов.