Биз социалдык тармакта

Өлкөдө катталган өлүмдүн көпчүлүгүнө кайсы оорулар себеп болот? Статистика

2020-жылы өлкөдө медициналык уюмдарга 1 миллиондон ашык кайрылган учурлар катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Статистика комитети жарыялаган маалыматына байкоо жүргүзсөк, калктын жалпы ооруга чалдыгуу структурасында оорулардын эң көп саны: 36 пайызы дем алуу органдарынын ооруларына, 12 пайыздан ашыгы - тамак сиңирүү органдарына, 7 пайызы - заара системасынын органдарынын ооруларына, 5 пайызы - травма жана ууланууга, 8 пайызы ашыгы - жугуштуу жана мите ооруларына туура келди.

Диаграммадан көрүнүп тургандай, 2020-жылы респиратордук оорулардын структурасында бейтаптардын жалпы санынын 74 пайызы тышкы дем алуу жолдорунун курч респиратордук инфекциясы, 11 пайызга жакыны - ички дем ​​алуу жолдорунун курч респиратордук инфекциясы жана 10 пайызына - пневмония диагнозу коюлган.

2020-жылы кан айлануу системасынын ооруларына ооругандардын 3 пайыздан ашыгы (медициналык-профилактикалык уюмдарга кайрылгандарга) туура келген, бирок өлкөдөгү өлүмдүн жарымынан көбүнө ушул оорулар себеп болот. Ооругандардын санынан 60 пайыз гипертония оорусу боюнча кайрылышкан.

Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандардын көпчүлүгү калктын 100 миңине алганда:

  • Ысык-Көл облусунда 828;
  • Таласта 720;
  • Баткен облусунда 701;
  • Ош облусунда 448;
  • Ош шаарында 527;
  • Жалал-Абад облусунда 499 белгиленди.

Өлүм себептеринин структурасында кан айлануу системасы ооруларынан кийин экинчи болуп шишик оорулары саналат.

Тамак сиңирүү органдарынын оорулары (33 пайызга жакын), андан кийин эмчек оорулары - 11 пайыздан ашык, дем алуу органдары (трахея, бронх жана өпкө) - 12 пайыздан ашык, лимфа жана кан түзүү ткандары - 5 пайыздан ашык жана теринин рак оорусу - 4 пайыздан ашык оорулар басымдуулук кылат.

2020-жылдын аягында республиканын онкологиялык мекемелеринде 20 миңден ашык адам каттоодо турат. Алардын 98 пайыздан ашыгын аялдар түзөт.

2020-жылы калкка 14 миңден ашык дарыгер жана 35 миңден ашык орто медицина кызматкерлери медициналык-санитардык жардам көрсөтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан