"Дипломаттар ПЦР-тест тапшырбай эле өлкөгө кире берсин деген чечимди өзгөртүү керек", - деп бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди.
"Мен парламенттин жыйынында республикалык штабга кайрылгам. Дипломаттар өлкөгө ПЦР-тест тапшырбай эле. Ошону жок кылуу керек, чечимди өзгөртүп коёлу. Көп өлкөлөр эмдөөдөн өтпөгөндөрдү киргизбей жатат", - деди ал.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бул маселе каралып чыгарын айтты.