Биз социалдык тармакта

Ошто Курманжан Датка көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Ош шаарында 5-июндан 25-июнга чейин Курманжан Датка көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында, Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнүн М.Нургазиев жана М.Аматов көчөлөрү менен кесилишкен аралыгы 5-июндан 25-июнга чейин убактылуу жабылат.

"20 күн аралыгында Ош шаардык жылуулук электр борбору тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн 1-этабынын алкагында магистралдык жылуулук тармактарынын түтүктөрүн алмаштыруу иштерин жүргүзөт.
Оңдоо иштерине байланыштуу 2-троллейбус убактылуу ишин токтотот. Ал эми №101, 102, 112, 124,125,130, 134, 135, 138, 142, 145, 146, 155-кичи маршруттук каттамдар жолду айланып өтүшөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан