Бишкекте пенсия курагындагы жүргүнчүлөр кичи автобустарда жол акысына 8 сомдон төлөйт. Бул тууралуу шаардык кеңештин сайтында жарыяланды.
"Борбор калаадагы пенсия курагындагы адамдардын коомдук транспортто жүрүшүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров кол койгон токтомго ылайык, пенсия курагындагылар саат 09:00дөн 17:00гө чейин маршруттук таксиге 8 сомдон жол акы төлөшөт.
Ал эми автобус жана троллейбустарда акысыз жүрүшөт", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.