Бишкек шаарынын мэриясы дебитордук карызды чогултууну жана төлөбөгөндөрдөн ижарага алынган жер тилкелерин кайра алуу боюнча жигердүү иш алып барууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Ага ылайык, жыл башынан ушул күнгө чейинки мезгил аралыгында 6 жер тилкелеринин ижара келишими бузулуп, 6.0205 гектардан ашык жер муниципалитетке кайтарылды.
"38 сот иши боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын пайдасына 437 миллион 800 сом суммасындагы доо арыздар сот тарабынан толук канааттандырылган.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы жерди пайдалануучулардан ижара акысын өз убагында төлөөнү жана 2021-жылдын 1-июлуна чейин болгон карызды төлөп берүүнү суранат", - деп жазылат маалыматта.