Бүгүн, 3-июнда парламентте Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маршруттук таксилер боюнча маалымат берүүдө.
"Троллейбус, автобустар ишке чыкты. Андан башка жеке менчик автобустарды тартууга туура келди. 100гө чукул жеңил унаалар элди ташып жатат. Кечээ айдоочулар менен жолукканбыз. Алардын талабы жол акысын 15 сомго көтөрүү. Биз алар менен бир ойго келүүгө аракет кылдык. Бирок алар бүгүн да жумушка чыккан жок", - деди ал.