Улукбек Кочкоров: "Кыргыз диаспораларынын Орусия бийлиги менен жолугушуусунда депутаттар да катышуусу керек"

Жогорку Кеңештин 5 депутатын жана өкмөт мүчөсүн Орусия бийлиги менен кыргыз диаспораларынын жолугушуусуна жөнөтүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы отурумунда депутат Улукбек Кочкоров билдирди. "Азыр Орусиядагы мигранттарга карата кысым көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу кабарлар түшүп жатат. 30-октябрда биздин диаспоралар менен Орусия бийлигинин өкүлдөрү жолугат. Мекендештерибиз депутаттарды да чакырышты",- деди ал. Мындан сырткары ар бир фракциядан бирден депутат жана өкмөттүн бир мүчөсүнүн баруусун сунуштады. Асылбек Жээнбеков бул сунушту карап чыгуу үчүн тийиштүү комитетке жөнөттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан