Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек ара жаңжалында жабыркаган Максат айылына 625 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Улуттук госпиталдын эмгек жамааты Максат айылына 625 миң сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Улуттук госпиталдын эмгек жамааты каржылык көмөк көрсөтүү максатында бир күндүк эмгек маянасын которушкан.

"2-июнда госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев топтолгон материалдык жардамды жеринде тапшыруу үчүн Баткенге барган.

Максат айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев аларга бекем ден соолук жана тынчтык каалаган", - деп жызылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан