Сот орусиялык рэпер Моргенштернге (Алишер Валеев) ырларынын тексттеринде баңгизатты жайылтканы үчүн 100 миң рубль айып пул салды. Бул тууралуу музыканттын жактоочусу Сергей Жоринге шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.
Ага ылайык, сот отурумунун жүрүшүндө жактоочу соттон Административдик кодексте каралган акыркы инстанцияны аткаруучунун ишмердүүлүгүн токтото туруу түрүндө колдонбоону суранган.
Буга чейин Моргенштернге 17-апрелде баңгизатты үгүттөгөнү үчүн административдик иш козголгон. Москвадагы баңгизаттарды көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан иш козголушуна рэпердин "Розовое вино-2" жана "Family" ырларына тартылган клиптери себеп болгон.