Биз социалдык тармакта

Чоң-Алай: "Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыңалуу Карамык айылына сезилген жок" дейт айыл өкмөт башчысы

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында абал кайрадан чыңалды. Чек ара кызматы билдиргендей, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак аймагында бүгүн, 4-июнда саат 06:00гө карата абал курч бойдон калууда.

Аталган аймакка жакын жердеги Жекенди айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу Жаныбек Кожобеков SUPER.KG порталына айыл ичинде абал тынч экенин билдирди.

"Унжу-Булак жайлоосу караган Карамык айылында абал туруктуу. Тажик тарап Унжу-Булак жайлоосу тарапка кирип келди деген сөз болуп жатат. Бирок жергиликтүү тургундарды ал жакка өткөрүшпөйт. Ошондуктан ал жакта эмне болуп жатканын билбейбиз", - деди ал.

Унжу-Булак жайлоосу Карамык айылынан 4 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймактагы жайлоолорго жергиликтүү тургундар ат менен чыгып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nukura_jigit
2021-06-04 10:17:20
Мен Кара-Мыктан болом. Такталбаган аймакка контейнер алып келип койду дейт. Машина бара албайт эмес, учурунда стратегиялык жол болгон.
+1
nukura_jigit
2021-06-04 10:17:56
Кайдыгер карабай, даяр туруубуз керек
+2
Rahim76
2021-06-04 12:34:50
Унаа баралбаса,тажик тарап контейнерди кантип алып келишти.Же тажик тарап асфалтьби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан