Биз социалдык тармакта

"Бир дүйнө" укук коргоо борбору "Азимжан Аскаров көзү өткөндөн кийин акталышы керек" деп президентке кайрылды

"Бир дүйнө" укук коргоо борборунун өкүлдөрү 2010-жылдагы Июнь окуясынын 11 жылдыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Бул тууралуу аталган укук коргоо борборунун расмий сайтында айтылат.
Текст кыскартылып, өзөктүү жери берилет:

"Урматтуу Садыр Жапаров, жакында 2010-жылдагы трагедиялуу Июнь окуяларына 11 жыл толот. Июнь трагедиясы тынч жарандардын өмүрлөрүн алды жана миңдеген адамдар тиричилик кылып жаткан каражаттарынан айрылып, тынч мезгилде өз үйлөрүн таштап, көчүп кетүүгө мажбур болушту. Бул жылдар аралыгында чыр-чатактардын курмандыктары адилеттикке жана акыйкаттыкка жетпей жашап келишүүдө. Биз сиздин 3-апрелдеги Июнь трагедиясынын материалдарын иликтеп чыгуунун маанилүүлүгү жөнүндө тапшырмаңыздын жыйынтыгын абдан толкундануу менен күтүп жатабыз.

Азимжан Аскаров менен биргеликте биз 47 сот процессинен өттүк. Азыркы убакта №19 түзөтүү колониясында оорудан жапа чеккен жана №47 түзөтүү колониясында каза болгон укук коргоочу, журналист, сүрөтчү Аскаровдун өлүмгө учуроо фактысы боюнча ЖАМК тергөөчүсү тарабынан тергөө иштери объективдүү териштирүүнү жүргүзүү мүмкүн болбогон жагдайда жүргүзүлүүдө. Буга кайталоочу көз карандысыз, комиссиялык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартууну мисал катары белгилесек болот.

Азимжандын жубайы Хадича Аскарова анын балдары жана неберелери, укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты калыбына келтирүү үчүн сиздин саясий эркиңизди чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

Адам укуктары боюнча БУУ комитетинин түшүндүрмөлөрү орундалса, укук коргоочу көзү өткөндөн кийин акталат жана анын үй-бүлөсү компенсацияга ээ болушу керек. Ошондой эле укук коргоочунун укуктарын бузган бардык деңгээлдеги аткаминерлер сот алдында жоопкерчиликке тартылышат. Натыйжада, Кыргыз өлкөсү туруктуу өнүгүүнү максат кылган, ар бир адамдын укугун урматтаган, жалпы адамзаттык баалуулуктарды, гумандуулукту жана акыйкаттыкты сактаган өлкө катары БУУда, Евро Биримдикте көз карандысыз мамлекет макамында калат. Биз сизге ишенебиз жана сизден акыйкаттыкты күтөбүз", - деп жазылат "Бир дүйнө" укук коргоо борборунун кайрылуусунда.

Маалымат үчүн:

Ош окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда №47 түзөтүү абагынын ооруканасында көз жумган. Ал узак убакыт бою ооруп жүргөн жана андан пневмония оорусунун белгилери дагы аныкталганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nur-sultan
2021-06-04 11:50:23
Тажиктер менен тирешип турган кезде "Бир дүйнө" деген уюмуң тымызын өзбектердин "козгоп" жатат окшойт. Ушуга окшогон уюмдарды жок кылыш керек болду
+6
Mirnar
2021-06-04 12:05:38
Роза гул болуп эле отурушпайбы! Саткынды саткын деш керек, ушул террорист акталса Ош окуясында шейит кеткен балдар, кыздардын ата энелери эмне калат экен ушуларды?!
+4
zilish_kg
2021-06-04 13:11:52
Эшегиңер ылайдан өтпөй калса да президентке кайрылгыла ушул эле калды өзү,президенттин убагы жок азыр мындай маселени караганда силердикинен да көйгөйлүү маселелер турат азыркы учурда, убакытты да тапкан экенсиңер. Бир аз өлкө тынчып чек ара калыбына келип экономика көтөрүлүп жай турмуш болгондо чыккыла бул маселеңкр менен!
+4
bessmertiy
2021-06-04 13:40:03
Президен Садыр Жапаров Ош окуясында Ошто эл менен аралашып жүргөн. Эгер көрбөгөн-билбеген адам болгондо актап бериши мүмкүн эле. Так что үмұт кылбай эле койгула.
+2
Tursunbaev1978
2021-06-04 14:53:01
Бул тема жабык,козгоштун кереги жок,эч кандай компенсация жок
+4
tilek121277
2021-06-04 23:51:32
Покту жептир Бир дуйно коому
+1
Gulina90
2021-06-05 07:14:16
Эмнени ойлоп таап атасынвр,ошондо олгон адамдардын туугандары эмне болот оцлонуп чыксанар,ар балээни Бир баштабай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан