Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Ош облусунун Чоң-Алай районуна жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ташиев министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев менен биргеликте көрсөтүлгөн аймакка жөнөп кетишти.