Тажиктер орноткон контейнердин сүрөтү жана видеосу жарыяланды. Сүрөттү жана видеону маалымат каражаттары Чек ара кызматы тарабынан таратылганын жазышууда.
Аталган кызмат Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал чыңалуу абалында деп баалап жатышат.
"Тажик тарап мурда келишилген бардык келишимдерди бузуп, 4-июнь күнү түнкү саат 03:00 чамасында Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшту.
Мындан сырткары Тажикстан тарапта аскер адамдарынын чогулуп жатканы байкалууда", - деп айтылат маалыматта.