Биз социалдык тармакта

Чек арадагы чыңалуу: Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга жетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жардамчысы билдирди.

Ташиев министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев менен биргеликте көрсөтүлгөн аймакка жөнөп кетишкен.

Айта кетсек, бүгүн, 4-июнда таңга маал Чек ара мамлекеттик кызматы Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасы тынч эмес экенин маалымдаган. Андагы Унжу-Булак жайлоосуна Тажик тарап контейнер орнотуп, аскерлери топтолуп жатканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-06-04 10:31:54
Молодец Камчыбек Ташиев ден соолугу чың бекем болсун эл үчүн иштеген чыныгы кыргыз уулу
+25
Dembele84
2021-06-04 10:38:49
Такталбаган жерлерге эмнеге биздикилер кирип барбайт а только тажик же озбектер кирип келип каалаганын кылат?Ушунчалык бош,жоош экенибизди билип бутту ал иттер
+20
nazira...
2021-06-04 11:59:24
Dembele84,анан кайра силер баштадынар дешкендеричи. Кудай жазаларын берсе экен. Рахмонго түшүнбөдүм 30 жылдан бери башкарат экен, оюу өтө кара экен, башкасынан да ушу Рахмондун көзүнө көрүнсө экен. Шерменде болуп кетсе экен өмүр бою тарыхта калып.
+7
Mylatka..
2021-06-04 21:16:59
эмнеге Ташиевден башка эч ким жүгүрбөйт,же баары сатылып кеткенби???
Тилинен чаңы чыккан Текебаев, Мадумаров,сүйлөгөндө КР тан үчүн жүрөгүн сууруп берүүгө даяр көрүнгөндөр кайда??Эмнеге көп сөзүндө бизге "чыныгы мырза"көрүнгөндөр кайда??
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан