Кытайдын Үрүмчү аймагында жүргүнчү ташыган поезд темир жолундагы жумушчуларды сүзүп кетип 9 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Ганьсу провинциясындагы Цзиньчан округунун аймагында болгон.
"Алдын ала алынган маалымат боюнча, 9 адам каза болгон. Азырынча окуянын чоо-жайы айтыла элек. Учурда издөө жана куткаруу иштери уланууда, бул кырдаалдын келип чыгуу себептери иликтенүүдө", - деп жазылат маалыматта.