Өлкөдө күзүндө коронавирустун мутацияга кабылган күчтүү штаммы катталышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Кыргыз мамлекетинде коронавирустун 5 штаммы бар. Күзүндө коронавирустун мутацияга кабылган күчтүү штаммы катталышы мүмкүн. Дүйнө жүзүндө кандай болуп жатканын көзөмөлдөп, карап жатабыз. Биздин дарыгерлер конференцияларды өткөрүп жатышат", - деди ал.