Биз социалдык тармакта

Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Чоң-Алай районунда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан Карамык, Кара-Тейит айылдарынын жашоочуларына түзүлгөн жагдай, көрүлүп жаткан чаралар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июндан 4-июнга караган түнү саат 03:00дө тажик тарап өкмөттөр аралык делегациялардын Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча буга чейин жетишилген бардык макулдашууларын бузуп, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы чек аранын тактала элек бөлүгүнө мамлекеттик чек аранын шарттуу өткөн линиясынан 1000 метрге дейре кирип келип, контейнер орното баштаган.

"Ошол эле учурда тажик тарапта автоунааларда жана жеңил брондолгон унааларда аскер кызматкерлеринин топтолушу байкалууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rafo80
2021-06-04 12:55:23
Бизде илгеркидей чекисттер жокпу, душмандын арасында жүрүп эмне план болуп жатканын кабарлап турчу?
+9
Semiz-kol
2021-06-04 13:19:24
Жарык нур тоодон ашканда
Көрүнөт көзгө башкача
Чоң-Алай жерим эң сонун абасы тунук тапп-таза.
+1
NURSAPAR
2021-06-04 13:22:23
Тойгозо турган болушту го .т тажиктер
+2
Dembele84
2021-06-04 13:40:11
Тушундуруп отурбай даяр болгула ал иттердин кутуусуз кол салуусуна,качан туну бастырып келип элдер окко учуп,барымтага алынганда ойгонбой!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан