Биз социалдык тармакта

"Бул коңшулук жана достук мамилеге туура келбейт". Министрлер кабинети чек арадагы чыңалуу боюнча билдирүү таратты

Министрлер кабинети Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Тажикстандын аскер кызматкерлери делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери жыйынтыкталганга чейин Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы жазылбаган тилкелерде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, жетишилген келишимдерди бузуу менен 4-июнда саат 03:00дө Кыргыз Республикасынын аймагына 1000 метр кирип келип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Унжу-Булак" мамлекеттик чек арасынын жазылбаган тилкесинде контейнер орноткон.

Муну менен тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды курчутууда, бул коңшулук жана достук мамилеге туура келбейт", - деп жазылат маалыматта.

Буга байланыштуу Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясынын жетекчиси эсептелген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев менен биргеликте түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган жерге жөнөп кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaynak
2021-06-04 12:49:20
Тынчылык жолу менен чечуу керек. А то бей куноо адамдар кырылып калды откон айдагы окуяда. Бирок эл аралык денгээлде Кыргызстан аброюн сактап калды. Эн башкысы адам олбошу керек, жер не за что тажиктерге отуп кетпоо керек жана дуйно эли бизге болгон ою жакшы жакта болуусу керек.
+6
Abdyrashit.Satylganov
2021-06-04 13:20:43
Тажикстандагы элчилерди жана дипломаттарды чакыртып алыш керек жана Тажикстандын элчилигине нота тапшырылсын.
+3
Aibek_eka
2021-06-04 13:39:49
Кайдагы достук?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан