Биз социалдык тармакта

Маршруттук ишкананын жетекчиси: "Ар бир маршруттук таксиге милиция кызматкеринин өкүлүн салып берсин"

Бүгүн, 4-июнда маршруттук таксилердин каттамда жок болуп жатканына 3 күн болду. Буга байланыштуу айрым маршруттук таксилердин айдоочулары жана ишкананын жетекчилери жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Маршруттук таксинин биринин жетекчиси Чынара Эргешбаева өзүнүн айдоочулары менен жолугушуп азыркы шартта каттамга чыгышы керектигин айтканы менен, өздөрүн "демилгелүү топ" деп атагандар аларга тоскоол кылып жатканын айтты.

"Жол кире акысын көтөрүү боюнча өкмөт ар дайым убада кылып келген. Биз ошол себептен айдоочуларга убада кылчубуз. Ошондуктан бири-бирибизге ишенбөөчүлүк жаралып жатат. Мен ишканамда иштеген айдоочуларга кайрылып бул маселе шаардык кеңештин жаңы курамы келмейинче чечилбестигин айтып, пандемия шартында каттамга чыгып туруусун сурандым. Айдоочулар болсо маршруттук таксинин айдоочулары арасында бир вотсап группасы түзүлгөнүн айтышып, группадагы адамдардын айрымдары каттамга чыкса аларга карата кысымдар боло турганын билдиришти.

Биз азыр 10 сом болсо деле чыгып турганга даярбыз, бирок ар бир маршруттук таксиге коопсуздук үчүн бирден милиция кызматынын өкүлүн салып берсин", - деди Эргешбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sirgak_92
2021-06-04 22:51:47
Масале.....
+1
Urmat78
2021-06-04 23:02:25
Канча адамдын убалына калып атышат.Канча адамдар жумушуна жетпей кыйналып атышат кичине кямбаттатса болот бирок азыр элдин бардыгы кыйналып турган маал.Ошо бузукулар эл душмандары ушу боюнча иштетпей койсо жакшы болмок.Канча киши жумушу жок жүрөт
+5
Asmat84
2021-06-04 23:50:39
Ушуга жеткирбей эле чечип койсо болмок мерия эле. 15 сом болбосо да 13 сомдон кылып чыгарыш керек болчу. Анан жыл сайын белгиленген бир датадан тартып мисалы жаңы жылдын 1- күнүнөн баштап 1 сомго которсо болот эле мисалы орустар январдын биринен баштап 5 сомдон 10 сомго чейин көтөрүшөт а биз 1 сомго которсо эл акырындык менен конмок ошентип 15 сомго чыгарып алышат эле
+4
TIMON_BERKOWITZ
2021-06-05 10:46:50
Калп эле ачка калаарына козу жеткенде жертва боло калышат
0
karapayim
2021-06-05 14:54:06
Жол кире акысы 15сом болсо нормально эле. 15 сом коп эмес. Же 20-25 сом. Только сидячий месталарга гана уруксат берилсе болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан