Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылындагы чек арада саат 14:00гө карата абал салыштырмалуу туруктуу.
"Тийиштүү кызматтар учурда жеринде абалды жөнгө салуу иштерин жүргүзүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн эртең менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында абал кайрадан чыңалганы маалымдалган.