AstraZeneca вакцинасы жакын арада Кыргыз өлкөсүнө алынып келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага байланышканыбызда маалым болду.
"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тизмесине кирген AstraZeneca вакцинасы COVAX программасынын алкагында июнь-июль айынын ичинде Кыргыз өлкөсүнө келет. 420 миң даана шприцтерин алганбыз", - деп билдирди Ишенапысова.
Эскерте кетсек, Европадагы көптөгөн өлкөлөр AstraZeneca вакцинасынан убактылуу баш тартканын жарыялашкан.