Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчисин чакырып, нааразычылык нотасын тапшырды

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчисин чакырып, нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июнда нааразычылык нотасы тапшырылды. "Болгон келишимдерге карабастан, Тажикстандын чек ара өкүлдөрү эч кандай жооп кайтарышпай жана байланышпай жатышат. Ошону менен чыңалууну басуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн качышат.

Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек ара аймактарындагы кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн тажик тараптан орнотулган контейнерлерди Унжу-Булак аймагынан демонтаждоону, аскер кызматкерлеринин жана аскерлештирилген шаймандардын кыскарган күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан