Биз социалдык тармакта

Каза болгондор жок. Тик учак кырсыгында жаракат алгандар тууралуу маалымат

Чоң-Алайга бара жаткан тик учак кырсыгында жабыркагандар жеңил жаракат алышты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Учурда канча адам жаракат алганы такталууда. Каза болгондор жок. Жабыркагандар жеңил жаракат алышты", - деп билдиришти облустук милициядан.

Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасына бара жаткан Коргоо министрлигинин тик учагы кулап түшкөнү айтылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматына байланышканыбызда, тик учак авариялык конуу жасаганын билдирип, анда кимдер болгону такталып жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан