
Учурда
Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тинтүү жана издөө иш-аракеттери активдүү улантылууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте тергөө иш-чаралары, тинтүү жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
"Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон Орхан Инанды болушу мүмкүн болгон жерлердин бардыгын текшерүүдө. Өткөн суткада мейманканалар, курулуп жаткан имараттардын аймактары, анын ичинде гараж кооперативдери жана унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор менен фабрикалардын аймактары, токой тилкелери жана сейил бак зоналары текшерилди. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айдоо жерлеринде, ошондой эле таштанды төгүлүүчү жайларда издөө жүргүзүлүп жатат. Андан сырткары кинологдор жана кызматтык иттер издөө иштерине тартылды. Адам өтүүгө кыйын жерлерде дрондор колдонулду. Борбор калаага кирүү жана чыгуу стационардык посттор тарабынан көзөмөлдө турат", - деп жазылат маалыматта.