Биз социалдык тармакта

3 киши жабыркады. Чек арага бара жатып кырсыктаган тик учак Коргоо министрлигине таандык

Чоң-Алайдагы чек арага бара жатып кырсыктаган тик учак Коргоо министрлигине таандык. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан тастыктап, буларга токтолду.

"Кыргыз-Тажик чек арасына бара жатып авариялык конуу жасаган тик учак биздин министрликке таандык. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алды. Кененирээк маалымат беребиз", - дейт маалымат кызматтын өкүлү.

Ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев отурган тик учак Коргоо министрлигине таандык эместигин кошумчалашты мекемеден.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасына 2 тик учак бара жатканы, анын бири авариялык конуу жасаганы маалым болду. Ош ОИИБинин маалымат кызматынан тик учактын кулашы шамалдан болушу мүмкүн экенин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur-sultan
2021-06-04 16:21:30
Солдаттар бирин-бири атып алса байкабай. Вертолет кулап жатса. Тажиктер оңой эле жеңет го бизди
-1
Belek1710
2021-06-04 18:27:05
Тик учактар дагы эскирип бүттү да, мамлекетти тоноп отуруп ушул акыбалга келдик. Шамалга кулап атса кайдагы согуш. Акыркы ишенич ушул бийликте эми, колдоп туралы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан