Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарынын Барпы Алыкулов көчөсүндө өспүрүм баланы унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу "Кактус" порталына кырсыктын күбөлөрү билдирген.
Маалыматка караганда, саат 14:30 чамасында LADA ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу болжол менен 10-11 жаштагы баланы сүзүп алган. Кырсыктан кийин баланы унаага салып алып кеткен.
Ошондой эле күбө жанына барууга жетишпей калганын билдирген.
SUPER.KG порталы Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматына байланышканда, бул кырсык боюнча чакыруу келип түшпөгөнүн билдиришти.