Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев: "Кыргызстанда акыркы жылдары чыккан өрттөр 227 миллион сом чыгым алып келди",- деп билдирди. Анын айтымында, 9 ай ичинде өрттүн саны 2 миң 824тү түзүп, 10 пайызга өскөн. "Анын ичинен 27си окуу жайларда, мектеп, ЖОЖ жана бала бакчаларда болгон. Эч ким бул боюнча жоопкерчилик алган жок. Өрткө каршы систем 2 органга бөлүнүп, кызматкерлер чыккан өрттү өчүрүү менен гана алектенип жатышат, алдын алуу иш-чаралары өткөрүлбөйт. Эки органды бириктирип, жоопкерчиликти бир органдан талап кылуу керек",- деди Төрөбаев.